Глобалдык акча жумалыгы–2026 иш-чарасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нарын областтык башкармалыгынын өкүлдөрү Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын, Ак-Талаа районунун Баетов айылынын жана Нарын районунун Куланак, Жан-Булак айылдарындарынын айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерине финансылык сабаттуулук, Кыргыз Республикасынын төлөм системасы, ошондой эле улуттук валютанын өнүгүү этаптары жана дропперликке байланыштуу финансылык алдамчылык тууралуу маалымат берилди.






