Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2026-жылдын 11-мартында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу программасынын алкагында, И. Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрдү.
Лекцияда дропперлик, кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу жана QR-кодду колдонуу менен төлөм жүргүзүү боюнча маалыматтар берилди.
