2026-жылдын 12-февралында Эл аралык Кувейт университетинин студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Финансылык сабаттуулук – үй-бүлөнүн бакубаттуулугунун негизи» деген презентация көрсөтүлүп, анда финансылык сабаттуулукту жогорулатуунун жана жарандардын финансылык бакубаттуулугуна жана өлкөнүн финансылык туруктуулугуна жетүүнүн ажырагыс бөлүгү катары каражат топтоо маданиятын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Лекцияда финансылык коопсуздукка, дропперликке жана алдамчылыктан коргонуу ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулду. Лекцияга 70ке жакын адам катышты.
Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жеке финасыны жоопкерчилик менен башкарууга, каражат топтоолорду стимулдаштырууга жана чыгашаларды пландаштырууга мүмкүндүк берет, ички инвестициялардын өсүшүнө, кредиттик тартипти чыңдоого көмөктөшөт жана калкты алдамчылыктан өз алдынча коргоо деңгээлин жогорулатат.

