2026-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары А. Козубеков Миграция боюнча эл аралык уюмдун аймактык координатору С. Актопрак менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө жетишилген жыйынтыктар, мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, өзгөчө санариптик сабаттуулук, онлайн алдамчылыкка каршы туруу жана башка актуалдуу маселелер боюнча мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды.